00:58
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Өз наристесин өлтүргөн аял башындагы жоолугуна асынып алган

Өз наристесин өлтүргөн аял башындагы жоолугуна асынып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ал эми Бишкек ИИБ жана ИИМ бул окуя боюнча маалымат берүүдөн баш тартышты.

Башкы прокуратура 316-беренеси (кызматына кыянаттык) менен иш козгоду. Прокуратуранын билдирүүсүндө, аялды камоодо тинтип, тыюу салынган буюмдар алынган эмес.

«Убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери жакшы көзөмөл жүргүзө алышкан эмес. Аял суу түтүгүнө жоолугун байлап муунган. Териштирүү жүрүп жатат», — деп билдиришти прокуратурадан.

Эскерте кетсек, 22-сентябрь күнү ордо кааланын ИИБ баласынын өлүгүн таштандыга ыргыткан аял кармалгандыгын маалымдаган. Ал 1987-жылы туулган М.М. экендиги айтылган. Ага Кылмыш кодексинин 100-беренеси («Өз наристесин өлтүрүү») менен иш козголгон.

Милиция 14-сентябрда Бишкектин Киркомстром районунда таштанды челектен наристенин сөөгүн табышкан. Айрым маалыматтарга караганда, ымыркай маркумдун тун баласы болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар