Таласта 7-класстын окуучусу төрөдү
15:46, 26 сентября 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД
Таласта 7-класстын окуучусу төрөдү. Бул маалыматты «24.kg» агентигине акыйканчынын облустагы өкүлү Жакшыгүл Узакбаева ырастады.
Анын айтымында, 14 -жашар кыз 18 жаштагы жигиттен боюнда болуп калган. Кыздын апасы экөөнүн үйлөнүшүн талап кылган.
«Окуучу кыз төрөдү. Эне-баланын абалы жакшы», — деди Жакшыгүл Узакбаева. Жашы жетек элек кыз менен жыныстык катнашка барган уланга каршы тергөө жүрүп жатат.