11:57, 26 сентября 2017, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын Монголиядагы Толук ыйгарымдуу элчиси болуп Азамат Үсөнов дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирет.
Ал 2017-жылдын апрель айында эле Кытай Эл республикасына элчи болуп дайындалган. Азамат Үсөнов Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун күйөө баласы болот.