Шайлоо бюллютендери басылып баштады

11:21, 26 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Боршайком шайлоо бюллютендерин басып чыгарып баштады. Ага 13 талапкердин аты-жөнү көрсөтүлдү.

Кечээ президенттикке талапкерликтен баш тарткан Камчыбек Ташиев дагы кирип калды. БШКнын билдирүүсүндө, эми анын аты-жөнүн бюллютенден шайлоо комиссиялары кол менен чийишет. 

Дагы бир талапкер- Бакыт Төрөбаев дагы Өмүрбек Бабанов менен бириккенден кийин шайлоодон баш тартаарын айтылган. Бирок, андан азырынча арыз түшө элек. Бакыт Төрөбаев радио жана теле дебаттан баш тартканы менен үгүт иштерин улантууда.