11:05, 26 сентября 2017, Бишкек - 24.kg , Татьяна КУДРЯВЦЕВА
Өзбек валютасынын девальвациясы сомго таасир берген жок. Бул тууралуу маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстандын улуттук валютасын эркин агымга коюу чечими Кыргызстандын финансалык рыногуна таасир берген жок.
«Буга чейин Өзбекстан валюта расмий жана көмүскө сатылып келген. Чек арага жакын райондордогу калк көмүскө базардагы нарк менен акча алмашып келишкен. Эми расмий нарк базар баасына теңелди», — деди Нурбек Жениш.