Казакстандагы кыргыз мигранттардын саны 40 пайызга көбөйдү

10:53, 26 сентября 2017, Бишкек - 24.kg , Суйунбек ШАМШИЕВ

Казакстанда 150 миң кыргызстандык эмгектенет. Бул тууралуу Эл аралык миграция уюму даярдаган баяндамада айтылат. 

Анда Казакстандагы кыргызстандыктардын саны 2016-жылы 40 пайызга көбөйгөндүгү маалымдалат. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан кийин мигранттарды эсепке алуу токтотулган. 

Мигранттар көбүнчө Алма-Ата жана Астана шаарларында иштешет.