03:33
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Нью-Йоркто жашаган кыргызстандыктар 50 баланын бир жылдык окуусун каржылайт

Американын Нью-Йорк шаарында жашаган кыргызстандыктар Бишкектеги №71 мектеп-интернатта окуган 50 жетим баланын бир жылдык окуусуна акча бөлөт. Бул тууралуу «Элим барсыңбы» фонду билдирет.

Маалыматка караганда, чет өлкөдөгү мекендештер ар баланын билим алуусуна 500 доллардан бөлүп беришет. Бул мектеп-интернаттагы жашоосуна, тамак-ашына кеткен каражат. 

АКШда 20 миңдей кыргызстандык жашайт. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума