Наристесин өлтүргөн аял асынып алды

11:15, 25 сентября 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

Бишкек шаарынын убактылуу кармалуучу жайына камалган аял 23-сентябрда өз жанын кыйды. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агентигине өздүк булактар ырасташты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы окуянын чоо-жайын билдире элек.

Эскерте кетсек, 22-сентябрь күнү ордо кааланын ИИБ баласынын өлүгүн таштандыга ыргыткан аял кармалгандыгын маалымдаган. Ал 1987-жылы туулган М.М. экендиги айтылган. Ага Кылмыш кодексинин 100 («Өз наристесин өлтүрүү») беренеси менен иш козголгон.

Милиция 14-сентябрда Бишкектин Киркомстром районунда таштанды челектен наристенин сөөгүн табышкан.