Токмок шаарындагы медреседе өрт чыкты

10:18, 25 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

24-сентябрда Токмок шаарындагы медреседен өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. 

Өрттүн себеби азырынча белгисиз. Терезелери жана ички эмереги күйүп кеткен. Медреседеги 80 бала жабыркаган эмес.