Чет элдик жарандарга үй курууга жана сатып алууга уруксат берилет

10:01, 25 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Чет элдик жарандарга үй курууга жана сатып алууга уруксат берилет. Турак жай кодексине өзгөртүү парламенттин кароосуна сунушталды.

Юстиция министрлигинин билдирүүсүндө, 2013-жылдын 9-июлунда кабыл алынган Турак жай кодексинде «чет элдик жарандарга турак жай алууга уруксат берүүчү орган» деп жазылганы менен анын жол-жобосу бекитилген эмес.

«Азыр кайсы орган буга милдеттүү экендиги дагы белгисиз. Андыктан бул укуктук боштук Кыргызстанда жашап, иштеп жана үй-жайлуу болгусу келген чет элдик жарандарга тоскоолдук түзөт», — дейт Юстиция министрлиги.

Мыйзам долбоордо инвестициялык визасы жана туруктуу жашоого уруксаты бар чет элдик жарандар үй сатып ала алышат. Аларга чек арага жакын аймактардан гана үйлүү болууга тыюу салынат.