15:36, 23 сентября 2017, Бишкек - 24.kg
Урматтуу кыргызстандыктар!
23-сентябрь 1989-жылы парламент «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын кабыл алган. Бул күнү Кыргызстан жалпы улуттук майрам — Мамлекеттик тил күнүн белгилейт. Чын жүрөктөн сиздерди биздин бул жалпы майрамыбыз менен куттуктайм!
Биздин тил бай, анын дараметинин чекеси да оюла элек. Айрыкча кийинки муун ушуну унутпашы керек. Кийинки жылдары мамлекет кыргыз тилине каржылык колдоону күчөттү, илгери бир нече миллион сом бөлүнүп келсе, азыр жүздөгөн миллион сом карала баштады. Биз глобалдык процессте тилибизди, маданиятыбызды биргелешип сактап калууга тийишпиз.
Биз байыркы, кылымдарды карыткан тилибизди бекем сактап, ага аяр мамиле жасашыбыз керек. Кыргыз тилин сактоо менен биз Кыргызстанда жашаган бардык улуттар менен биргеликте, ынтымакта жашайбыз!
Президенттик кызматка талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 23.09.2017-жыл.