Башкы прокуратура «Калыс-Ордо» жаңы конушундагы мектептин курулушунда байлыныштуу кылмыш ишин козгоду.
Башкы көзөмөл органын билдирүүсүндө, Бишкек шаардык мэриянын Капиталдык курулуш жана Каржы башкармалыгынын кызматкерлерине Кылмыш Кодексинин 304 ( кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306 (мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишим түзүү) беренеси менен иш козголуп, тергөө башталды.
2015-жылы Бишкек мэриясыTebian Electric Apparatus Stock Co. LTD ишканасы менен «Калыс-Ордо» жаңы конушунда мектепти гранттык акчага куруу келишимин түзүлөт. Келишимге ылайык «А.С.» ишканасы курулушту 700 миң долларга бүтүрмөк. Ал каражатты толугу менен кытайлык ишкана бөлгөн.
Бирок, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери каржы башкармалыгы менен бирге жең ичинен сүйлөшүп, курулуш компаниясына 91,5 миллион сомду которушкан. Ал каражат кайда жумшалгандыгын ырастаган документтер жок.