Нурлан Садыков: Салянованын күнөөсү далилденген жок

11:19, 22 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Ленин райондук сотунда мурдакы юстиция министри Аида Саляновага каршы козголгон кылмыш иши боюнча сотто жарыш сөз уланууда. 

Анда бүгүн Салянованын коомдук жактоочусу Нурлан Садыков сүйлөп жатат. Ал тергөө иштери алгылыктуу жүргүзүлбөгөнүн, териштирүүдө айыпталуучунун күнөөсү далилденбегенин билдирди. 

«Айыбын далилдөө тергөөнүн милдети. Салянова Елисеевди өмүрү көрбөсө, Жылдыз Мамбеталиева өз көрсөтмөлөрүндө адашып жатса, кантип күнөөсү далилденди деп айта алабыз?», — деди Садыков.

Эскерте кетсек, мурдакы Башкы прокурор Юстиция министрлигин жетектеген кезде юрист Алексей Елисеевдин жактоочулук лизенциясын мыйзамсыз түрдө узартып берген деп айыпталууда. Аида Салянованын билдирүүсүндө, жактоочулук лизенциясы Елисеевге кылмыш иши козголгонго чейин узартылган. Ал министр катары эч бир мыйзамдын чегинен чыкпагандыгын айтып келет.