БШК атаандашынын сүрөтүн үгүт баннеринде колдонгон талапкерге эскертүү берди

15:23, 21 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

БШК атаандашынын сүрөтүн үгүт баннеринде колдонгон талапкерге эскертүү берди. 

Боршайком Өмүрбек Бабанов жарнамалык плакатында президентикке дагы бир талапкер Сооронбай Жээнбеков менен мурда түшкөн сүрөтүн колдонуп, үгүт эрежесин бузду деп эсептейт. 

Фото

Плакатта Өмүрбек Бабанов премьер-министр кезинде ал мезгилдеги Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбековго тапшырма берип жатат. Бул сүрөттө азыркы Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов дагы бар. 

«Азыркы министрлерди үгүт материалдарында колдонууга болбойт. Ага мыйзам тыюу салат. Андан тышкары сүрөт андагы кишилердин уруксаты жок чыгарылып, кадыр-баркына доо келтирген» - дейт БШК.