Ысык-Көлдө эки күндө он килограмга жакын маң зат алынды

12:08, 21 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда атайын текшерүүнүн жүрүшүндө эки күн ичинде 9,400 килограмм баңги зат алынды. Бул тууралуу облустун Ички иштер башкармалыгы маалымдайт.

20-сентябрь күнү Черик айылында 48 жаштагы жергиликтүү тургундан 7 килограмм марихуана табылган. 19-сентябрда Челпек айылынын тургунунан 2, 3 килограм марихуана алынган.