Президенттикке талапкер «24.kg» агентиги менен соттошот

10:56, 21 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбеков Свердлов райондук сотуна «24.kg» агентигине каршы доо арыз менен кайрылды. 

Ал маалымат агентигинин интернет баракчасында 11-сентябрда жарыяланган «Сочиге сапар. Кремлди дагы бир жолу мураскерге ынандыруу?» макаласынын автору Кабай Карабековдон жана агентиктен 5 миллион сом талап кылат. 

Арызда талапкердин кадыр-баркына доо кетирилгендиги айтылат. 

Белгилей кетсек, бул макала Сооронбай Жээнбековдун штабынын талабынан кийин алынып салынган.