«Тез жардам» кызматы жол кырсыгына кабылды

10:43, 20 сентября 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

«Тез жардам» кызматы жол кырсыгына кабылып, бир даарыгер жан берүү бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу «24.kg» агентигине «103» кызматынан билдиришти.

Жол кырсыгы бүгүн таңкы саат 5.00дө болгон. «Тез жардам» кызматынын реанимация бөлүмү Арча-Бешик жаңы конушунан бейтапты алып, ооруканага кетип бара жаткан.

Жол кайгуул кызматынын билдирүүсүндө, түштүк магистралда унаанын алдынан ит чыгып, айдоочу унааны буруп жиберип, жолдон чыгып, оодарылып кеткен.