Башкы прокуратура, цирк жана Бишкек милициясынын карызы үчүн жарыгы өчүрүлөт

09:28, 20 сентября 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын, Башкы прокуратуранын жана цирктин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектро» маалымдайт.

20-сентябрдан тарта бюджеттен каржыланган мекемелердин карызы үчүн жарыгы өчүрүлүп баштайт.

Улуттук онкология борбору жарык 282,4 миң, Бишкек прокуратурасы 69,3 миң, цирк-168,8 миң сом карыз.

Ал эми министрликтерден Коргоо министрлиги 116, 8 миң сом, Социалдык өнүгүү министрлиги 93,8 миң, Саламаттыкты сактоо министрлиги 81,3 миң сом, Соттук департамент 75,2 миң жана Бишкек шаардык ИИБсы 83,4 миң сом карыз.

1-сентябрга карата республикалык бюджеттен каржыланган борбор каалада жайгашкан абонентердин карызы 8,5 миллион сомго жетсе, жергиликтүү бюджеттен каржылангандар 3,8 миллион сом жарыкка төлөшү керек.