08:58, 20 сентября 2017, Бишкек - 24.kg
2017-жылдын башынан бери 1 миң 354 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Жол кайгуул кызматы кабарлайт.
Маалыматка караганда, коомдук транспорттун катышуусу менен 170 кырсык болду. Жүргүнчү ташыган унаа ээлери 3 миң 494 жолу жол эрежесин бузушуп, 273 унаага айыппул салынды.
Жүргүнчү ташыган 27 ишкана айдоочуларына алыглыктуу көзөмөл жүргүзө албагандыгы үчүн 5 миң сомдон айып пул төлөшкөн.