Апта аягында аба ырайы суутат

14:38, 19 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

23-24-сентябрь күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрүп, жамгыр, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Айрым райондордо шамалдын ылдамдыгы 18-23 м/с жетет.

24-сентябрда Чүй, Талас облустарына аба-ырайы түнү - +3 +8, күндүзү - +13 +18 градус болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда түнү - +7 +12, күндүзү - +16 +21 болот.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнү - +4 +9, күндүзү -  +10 +15 болот.

25-26-сентябрда Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарына үшүк жүрөт. Аба-ырайы −1 −2 градуска чейин түшөт.