11:13, 19 сентября 2017, Бишкек - 24.kg
Чу жана Талас дарыялары климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу 25-50 жылдан кийин 25-45 пайызга кыскарат. Бул тууралуу эл аралык конференцияда БУУнун өкүлү Алиона Никулита билдирди.
Анын айтымында, климаттын өзгөрүүсү суулардын көлөмүнө да таасир берүүдө.
«Суунун азайышы айыл-чарба тармагына таасир берет. Суу тартыштыгы коңшулар ортосундагы карым-катнашты оордотот», — деди ал.
Адистердин билдирүүсүндө, аталган дарыялардын башаты болгон мөңгүлөр 2100 жылда эрип жоголот.