Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында 53 жаштагы аял өзүнө бензин чачып, от жаккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен саат 7.30да денесинин 70-80-пайызы күйгөн аял ооруканага жеткирилген. Ал Кара-Суу районунун 1964-жылы туулган Х.М. аттуу тургуну экендиги аныкталган.
Министрликтин билдирүүсүндө, аял жакында эле психикалык ооруканадан чыккан. Буга чейин дагы өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылгандыгы маалымдалат.