Кыргызстандык жигитти Москвада зордуктап кетишти

16:15, 18 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык жигитти Москвада зордуктап кетишти. Бул тууралуу «Ньюинформ» сайты маалымдайт.

1992-жылы туулган Кыргызстандын жараны Москвада полицияга кайрылган. Ал арызында Өзбекстандан келген таанышы аны коркутуп, сабап, зордуктаганын айткан.

Анын көрсөтмөсү менен ички иштер кызматкерлери Өзбекстандын 1991-жылы туулган жаранын кармашты. Сурак учурунда ал кылмышын мойнуна алгандыгы кабарланат. 

Иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.