Петербургда таанышын метронун астына түртүп жиберген кыргызстандык соттолду

16:00, 18 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Россиянын Санкт-Петербург шаарында таанышын метронун астына түртүп жиберген кыргызстандык соттолду. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары маалымдайт. 

Маалыматка караганда, 22 жаштагы кыргызстандык өзүнүн жердешин атайын өлтүргөн деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылды. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө өткөрөт. Андан тышкары, набыт болгон таанышынын апасына 500 миң рубль материалдык чыгымын төлөп берет. 

Окуя 10-январда болгон. Метронун астында калган киши алган жаракаттарынан көз жумган.