Кыргызстанда 597 бала ВИЧ менен жашайт

14:57, 18 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 597 бала ВИЧ менен жашайт. Бул тууралуу «ВИЧ жана кургак учуктун жаңы түрлөрү» аттуу конференцияда «СПИД» республикалык борборунун директору Улан Кадырбеков билдирди.  

Анын айтымында, алты ай ичинде 10 баладан ВИЧ инфекциясы табылган. Балдардын 62 пайызына илдет ата-энесинен жуккан.