Жалал-Абад облусунда ага-ини мушташа кетип, бирөөсү набыт болду

14:37, 18 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунда ага-ини мушташа кетип, бирөөсү набыт болду. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Алардын айтымында, 17-сентябрда Базар-Коргон районунун Могол айылында 22.30да жергиликтүү эки тургун мушташкан. Экөө тең мас болушкан. 1974-жылы туулган Ж. Н. алган жаракаттарынан каза тапкан.  

1963-жылы туулган айыл тургунуна карата кылмыш иши козголуп, камалды.