Бүгүндөн тарта президенттикке талапкерлердин радиодебаты өтөт

14:05, 18 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Борбордук Шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин КТРК жана «Биринчи радиодо» өтө турган телетаймаштардын кезегин жана убактысын бекитти.

Радио эфир талапкерлерге күндүз берилет.

18-сентябрда 12.00- 13.00 аралыгында Азимбек Бекназаров менен Арстанбек Абдылдаев эфирде болот.

19 — сентябрда 12.00 −13.00 Адахан Мадумаров менен Эрнис Зарлыков түз эфирде жолугат.

20 -сентябрда 12.00 — 13.00 Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов.

21 -сентябрда 12.00 — 13.00 Сооронбай Жээнбеков менен Камчыбек Ташиев.

22 — сентябрда 12.00 — 13.00 Бакыта Төрөбаев менен Таалатбек Масадыков.

25 сентябрда 12.00 −13.00 Токтайым Үмөталиева, Арсланбек Малиев жана Улукбек Кочкоров катышат.

Экинчи тур 3-октябрдан башталат. Анда Өмүрбек Бабанов менен Токтойым Үмөталиева кездешет. Андан кийин ушул эле саатта 4-10-октябрга чейин Темир Сариев менен Камчыбек Ташиев, Сооронбай Жээнбеков жана Улукбек Кочкоров, Таалатбек Масадыков менен Эрнис Зарлыков, рстанбек Абдылдаев менен Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Бакыт Төрөбаев жана Арсланбек Малиев катышат.