12:58, 18 сентября 2017, Бишкек - 24.kg
Liglass Trading ишканасы азырынча 37 миллион долларды которууга шашылбайт. Бул тууралуу Чех компаниясынын директору Михаид Смелик бүгүн маалымат жыйында билдирди.
«Биз алдын-ала айткыбыз келбейт. Өкмөт менен дагы сүйлөшүү жүргүзөбүз. Долбоор токтогон жок. Азыр бирдеме десек Эдил Байсалов аны дароо жазып чыгат», — деди Михаил Смелик.
Эскерте кетсек, аталган компания Кыргызстандагы Ак-Булун ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадындагы чакан ГЭСтердин курулушуна тендерди утуп алган. Компания 19-сентябрга чейин 37 миллион долларды Кыргызстандын эсебине которушу керек. Ал акчаны кыргыз өкмөтү «Русгидро» ишканасынын эсебине которушу керек.