Самарада Кыргызстандан дүйнөлүк бренддердин кийимдерин ташыган жүк кармалды

14:17, 15 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Россиянын Самара облусунда Кыргызстандан дүйнөлүк маркалардын кийимдерин ташыган жүк кармалды. Бул тууралуу россиялык ЖМК маалымдайт.

Маалыматта AJ Armani Junior жана Philipp Plein маркаларынын балдарга кийимдери, Adidas, Zara, Hello Kitti бренддеринин спорттук товарлары болгондугу айтылат. Текшерүү учурунда балдар кийимдеринин атайын күбөлүгү жоктугу аныкталган.