00:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Садыр Жапаров: Бул соттордон кийин «Кумтөр» боюнча ооз ачуудан коркуп калышат

Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук териштирүүдө айыпталуучуга акыркы сөз берилди. 

Ал 2013-жылдын 8-октябрындагы Каракол шаарындагы митингде губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну атайын кызматтар уюштурганын билдирди. 

«Саруу айылынын жаш активисттерин камоо керек болгон. Анткени алар «Кумтөр» боюнча көптү билишет жана түшүнүшөт. Аларды жана кенге карата сын айткандардын оозун биротоло жабуу үчүн чагымчылдык жасалып, иш козголуп, сот өтүп жатат» - деди ал.  

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту Садыр Жапаровдун 11,5 жылга эркинен ажыраткан. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума