Өзбекстандын мектеп директорлорун сабаган Сайхунобод районунун акими Насиржан Эгембердиев мугалимдерден кечирим сурады.
Өзбек маалымат каражаттары буга чейин акимдин мектеп директорлору менен
тасмасын Башкы прокуратура иликтөөгө алгандыгын жарыялашкан.
Тасмада эгемендүүлүк майрамына мугалимдерди алып келбеген директорлорду «айбандар, эмнеге районду сыйлабасыңар? Же бул силердин майрамыңар эмеспи?» - деп кагып-силкип, айрымдарына кол көтөргөндүгү тартылган.
Маалыматка караганда, акимдин жоопкерчилиги пахта терүү аяктагандан кийин каралат.