Өзбекстан рохинжа мусулмандарына гуманитардык жардам жиберет

10:40, 14 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан өкмөтү Мьянмадагы зомбулуктан жабыркап, Бангладешке качууга мажбур болгон рохинжа мусулмандарына гуманитардык жардам жиберет. Бул тууралуу «Озодлик» маалымдайт.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Мьянмада азчылыкты түзгөн мусулмандарга карата зомбулук жасалып жаткандыгы тууралуу маалыматтарга кабатырлануусун билдирип, өлкө бийлигин аны токтотуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө чакырды.

Калкынын басымдуу бөлүгүн буддисттер түзгөн Мьянманын Ракхайн штатындагы кыянатчылыктардан улам ал жерде жашаган рохинжа мусулмандарынын Бангладешке качуусу 25-августта башталган.

Мьянманын өкмөтү кыянатчылыктын тутанышы үчүн рохинжа мусулмандарынан чыккан козголоңчуларды күнөөлөп, алар полиция бекеттери менен аскерий базага чабуул жасаганын жүйө келтирген.