Журналист Зулпукар Сапановдун жактоочулары шаардык сотко даттанышты

10:57, 13 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Журналист Зулпукар Сапановдун жактоочулары шаардык сотко даттанышты. 

Эскете кетсек, кечээ Биринчи май райондук соту журналист Зулпукар Сапановду 4 жылга эркинен ажыратты. Ал сот залынан камоого алынды. 

Журналист Кылмыш кодексинин 299 беренеси менен (диний кастыкты күчөтүү) соттолду. Анын «Кыргыз Санжырасы» китебине нараазычылыктан кийин, башкы прокуратура иш козгогон.