18:17
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Liglass ишканасынын 37 миллион долларды төлөө мөөнөтү дагы бир күнгө жылды

Liglass Trading чех ишканасы 37 миллион долларды 18-сентябрга чейин эмес, 19-сентябрга чейин Кыргызстанга которушу керек. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктар боюнча мамлекеттик комитет маалымдады.

Комитеттин билдирүүсүндө, инвестициялык келишим 4-августта түзүлгөн.

«Демек ортодогу майрам күндөрүн, 31-августту жана 1-сентябрды эске алганда компания акчаны 19-сентябрга которушу керек. Келишимде 30 жумушчу күнү көрсөтүлгөн», — деп айтылат.

Эскерте кетсек, 11-сентябрда эле вице-премьер-министр Дуйшенбек Зилалиев журналисттерге Liglass Trading ишканасы 18-октябрга чейин, демек ушул жума аягында 37 миллион долларды которушу керектигин айткан.

Аталган Чех компаниясы менен Кыргызстан Ак -Булуң, Камбар-Ата-2 жана Жогорку Нарын каскадындагы чакан ГЭСтердин курулушу боюнча келишимге кол койгон. Liglass Trading 37 миллион долларды төлөп, бул долбоордорду «Русгидро» ишканасынын ордуна үлүшкө кирет. Алмазбек Атамбаев 37 миллион доллар «Русгидро» ишканасына берилерин маалымдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума