Кыргыз тилиндеги китептердин нускасын көбөйтүү үчүн 5 миллионго жакын бөлүнөт

09:25, 13 сентября 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Билим берүү жана илим министрлеги мектептерди кыргыз тилиндеги китептер менен камсыз кылуу үчүн 4 миллион 700 миң сом бөлөт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталы маалымдайт.

Саясат тануу, Манас тануу, экономика, биология, XIX-XX кылымдагы чет элдик адабият, кыргыз улуттук музыкасы жана курулуш материалдары боюнча китептер басылып чыгат.

Министрликтин маалыматында, мектептер окуу куралдары менен 83,6 пайызга камсыз болгон.