ИИМ: Мектеп окуучулары теңтуштарын сабаган видео беш жыл мурда тартылган

09:16, 13 сентября 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

 Мектеп окуучулары теңтуштарын сабаган видео беш жыл мурда тартылган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Алардын айтымында, видео беш жыл мурда тартылгандыгы жана окуя Бишкек шаарынын Ленин районунда болгондугу ырасталды. 

Анткен менен ИИМ иликтөөнү улантып, андагы балдардын өздүгүн тактоого аракет көрүүдө.