10:53, 12 сентября 2017, Бишкек - 24.kg
Өкмөт Centerra Gold Inc. ишканасына каршы доо арыздарын кайтарып алат. Бул тууралуу өнөр-жай, энергетика жана кен байлыктар боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Улан Рыскулов билдирди.
Анын айтымында, 11-сентябрда өкмөт менен Канадалык ишкана ортосунда кол коюлган келишимде экологиялык дооматтар дагы чечилген.
Эскерте кетсек, өкмөт компаниядан экологиялык зыянды толуктоо талабы менен сотко кайрылган.
Кечээ эки тарап «Айлана чөйрөнү коргоо жана инвестиция тартуу» келишимине кол коюшту. Анын негизинде компания Айлана чөйрөнү коргоо фондуна 50 миллион доллар бөлүп берет.