Латынга которууда казак алфавити эки эсеге кыскарып калды

09:10, 12 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Казак алфавитин латынга которууда тамгалардын саны кыскарды. Долбоордо 42 тамганын ордуна 25 белги сунушталат. Бул тууралуу interfax.ru сайты маалымдайт. 

Тилдердин методикалык борборунун директору Ербол Тлешовдун билдирүүсүндө, жаңы алфавит «бир тамга - бир тыбыш, бир тамга-эки тыбыш» ыкмасынын негизинде  иштелип чыкты. 

«Казак алфавитине 8  тыбышты билдирген 8 диграф киргизилд», — деди ал. 

Эскерте кетсек, Нурсултан Назарбаев апрель айында казак алфавитин латынга которууну буйруган. Казакстан алгачкы жылдары латын менен бирге кириллицаны дагы колдонмокчу.