09:10, 12 сентября 2017, Бишкек - 24.kg
Казак алфавитин латынга которууда тамгалардын саны кыскарды. Долбоордо 42 тамганын ордуна 25 белги сунушталат. Бул тууралуу interfax.ru сайты маалымдайт.
Тилдердин методикалык борборунун директору Ербол Тлешовдун билдирүүсүндө, жаңы алфавит «бир тамга - бир тыбыш, бир тамга-эки тыбыш» ыкмасынын негизинде иштелип чыкты.
«Казак алфавитине 8 тыбышты билдирген 8 диграф киргизилд», — деди ал.
Эскерте кетсек, Нурсултан Назарбаев апрель айында казак алфавитин латынга которууну буйруган. Казакстан алгачкы жылдары латын менен бирге кириллицаны дагы колдонмокчу.