Татарстанда кыргызстандыктын өлүмүнө шектүү кармалды

08:57, 12 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Татарстандын Казан шаарында Кыргызстандын жаранынын өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлайт. 

Элчиликтин маалыматында, көз жумган жаран Ош облусунун Араван районунун тургуну экендиги айтылат. Анын сөөгүн мекенине алып келүү маселеси чечилүүдө. 

Эскерте кетсек, жекшемби күндөрү Казан шаарында 23 жаштагы Кыргызстандын жаранынын сөөгү табылган. Полициянын билдирүүсүндө, анын өлүгү 15 саат бою жолдун жээгиндеги бадал астында жаткан.