09:03
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

БУУ: Рохинжаларга каршы операция — этникалык тазалоонун мисалы

БУУнун адам укуктары боюнча өкүлү Зейд Раад аль-Хусейн Мьянмадагы рохинжа-мусулмандарына каршы зомбулук операцияларын айыптады. 
Анын айтымында, кырдаал энтикалык тазалоолор боюнча окуу китептериндеги мисалдардай көрүнүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы Адам укуктары боюнча кеңешиндеги сөзүндө Зейд Раад аль-Хусейн 270 миңден ашык рохинжа мусулмандарынын үйлөрү өрттөлүп, сотсуз жазалана баштаганда Бангладешке качууга аргасыз болгонун белгиледи.

Ал Мьянма өкмөтүн аскердик операцияны токтотууга, күнөөлүүлөрдүн бардыгын жазалоого жана мындан ары рохинжа калкына карата кеңири жайылган басмырлоо тенденциясын токтотууга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума