15:07, 11 сентября 2017, Бишкек - 24.kg
Liglass Trading ишканасы 18-октябрга чейин, демек ушул жума аягында 37 миллион долларды которушу керек. Бул тууралуу журналисттерге вице-премьер-министр Дуйшенбек Зилалиев билдирди.
Анын айтымында, ишкана менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү «Электр станциялар» АККСы жана Улуттук энергохолдинг менен макулдашууга кол коюлгандан тарта баштаган. Алар каражатты 30 жумушчу күн ичинде которушу керек.