Ботаникалык бакты Азия тоолуу багына айландыруу пландалууда

10:58, 11 сентября 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Ботаникалык бакты Азия тоолуу багына айландыруу пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Бак боюнча түзүлгөн жумушчу топ видео байкоону орнотуу, өрт коопсуздугун камсыз кылуу, суугат жолдорун оңдоо маселелерин талкуулашты.

Андан тышкары студенттер жана мектеп окуучулары үчүн бакта практикалык сабактарды уюштуруу сунушталды.