Бишкекте Жогорку соттун алдында Донбасстык көзгөатар кармалды

10:04, 11 сентября 2017, Бишкек - 24.kg , Наргиза ТОКОЕВА

Бүгүн Бишкекте Жогорку Соттун имаратынан кирүүгө аракеттенген көзгө атаар кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган аялды тинтүү учурунда Драгунов мылтыгынын октору алынган. Анын Россиянын жараны экендиги такталды.

Учурда эмне максат менен Кыргызстанга келгендиги аныкталууда. 

Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карайт.