Президенттикке талапкерлердин сегизи жигиттик макулдашуудан баш тартты

09:18, 11 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Президентикке талапкерлердин ортосунда жигиттик келишим түзүлдү. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова катышуусунда 9-сентябрда кол коюлду. Бирок, талапкерлердин сегизи баш тартып, Сооронбай Жээнбеков, Арстанбек Абдылдаев, Арсланбек Малиев Таалатбек Масадыков жана Токтойым Үмөталиевалар макул болушту.  

Келишимге ылайык талапкерлер үгүт эрежелерин сактоого, атаандаштарын сыйлап, каралоо жана ушак-айың таркатпай, шайлоочулардын добушун сатып албай, мыйзам чегинде күрөшүүгө убада беришти. 

БШКнын төрайымынын пикиринде, макулдашуу шайлоо мыйзам чегинде өтүүсүнө жол ачат.