15:36, 08 сентября 2017, Бишкек - 24.kg
Чүй облусунун Орловка шаарынын Жалпы даарыгерлик тажрыйба борборунун терапевтине зордуктоо айыбы менен иш козголду. Бул тууралуу кыздын апасынын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге жазган арызында айтылат.
Арызда даарыгер кызды убактылуу шал кылган укол сайгандыгы маалымдалат. Кыздын апасы даарыгердин анда аркы кадамдарын кенен жазып жөнөткөн.
Кылмыш иши козголгондугун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан «24.kg» агентигине ырасташты. Иш азыр Жаза кодексинин 133-беренеси менен (бузукучулук кадамдар) менен козголду. Эгер зордуктоо болгондугу аныкталса, берене өзгөрөт.