USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Жогорку сот 14 жыл ичинде эки жолу гана кыйноо боюнча өкүм чыгарган

15:21, 08 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Жогорку сот 14 жыл ичинде эки жолу гана кыйноо боюнча өкүм чыгарган. Бул тууралуу акыйкатчылардын эл аралык форумунда Кыйноолорлун алдын-алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга кыйнап, зомбулук көрсөткөн жооптуу кызматкерлер жазадан кутулуп кеткендиктен бул көйгөн актуалдуу бойдон калууда.

«2003-жылы «кыйноо» беренеси кылмыш кодексине киргизилди. Бирок, тилекке каршы баардык эле кылмыш иштер аягына чыкпайт. Болгону экөө гана Жогорку сотто каралды», — деди ал.

Белгилей кетсек, бул эки окуянын бири Сузакта болгон. Анда милиция кызматкерлери 10-11 жылга соттолду. Дагы бир Чүйдө болуп, мында да тартип сакчылары ири өлчөмдөгү айыппул төлөшкөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика