Өкмөттүн билдирүүсүнөн кийин «Центерранын» акциясы өсө баштады

15:46, 07 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

«Центерра» компаниясынын акциясы Торонто биржасында өсүп баштады. Айрым маалыматтарга караганда, ага өкмөттүн Канадалык инвестор менен келишим түзүлгөндүгү тууралуу билдирүүсү себеп болду. 

Ошентип, 5-сентябрда карата компаниянын акциясы 6,05 доллар турса,  6-сентябрда ал 6,23 доллар, бүгүн 6,7 долларга жетти. 

Аны менен бирге Кыргызстандын «Центеррадагы» үлүшү эки күндө 50 миллион 884 миң 618 доллардан 518 миллион 792 миң 148 долларга өстү.