Шайлоо алдында адаттагыдай эле медиа өкүлдөрү жарыштын жыйынтыгын божомолдоо аракетин көрүүдө. Маарага ким келери тууралуу түрдүү сурамжылоолор жарыяланды.
«24.kg» маалымат агентигинин кабарчысы Бишкек шаарынын тургундарына үч собол узатты:
Алдыдагы шайлоого барып, добуш бересизби?
Талапкерлердин ичинен кимге добуш берүүгө даярсыз?
Эмне үчүн бул талапкерди тандадыңыз?
46 атуул суроолорго жооп берип, анын 12и шайлоого барарын, бирок, кимге добуш берерин азырынча чече электигин айтты. Беш киши тандоосун ачык айтуудан баш тартты. Бир жаран «баарына каршы» добуш бермекчи.
2 шаардык биометриялык маалыматтарын тапшырбагандыктан шайлоого бара албайт. Дагы жетөө добуш берүүгө катышуу ниети жоктугун билдирди.
Ошентип, сурамжылоого катышкандардын 8и Өмүрбек Бабановду, алтоо Сооронбай Жээнбековду шайлашат. Бирөө Темир Сариевди колдойт. Төрт киши сурамжылоого катышуудан баш тартты.