Төртилтик дагы эле шайлоого кимди сүрөп чыгарын чече элек

12:33, 06 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Парламенттин мурдакы төрагасы Акматбек Келдибеков атайын партия түзүп, бир талапкерди сүрөп чыкмай болгон төрт саясатчынын ортосундагы келишпестиктерди тууралуу маалыматты четке какты. Ал бул боюнча бүгүн маалымат жыйында билдирди. 

Акматбек Келдибековдун айтымында, төртөө дагы эле кимди колдоп чыгары чечиле элек. 

«Азырынча кеңешип жатабыз. Чечим кабыл алынышы менен элге жарыялайбыз», — деди ал.  

Эскерте кетсек, президентикке ат салышкан Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Бакыт Төрөбаев биригип, бир талапкерди сүрөп чыгарын жарыялашкан. Бул төртөөнүн ичинен Келдибековдон башкасы президентикке талапкер болуп катталды.